• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алды

Дүйнө 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алды жана обочолонууга кетти. Бул тууралуу ал президент Владимир Путинге билдирди, деп маалымдайт РИА Новости агенттиги жана «Россия-24» телеканалы.

“Урматтуу Владимир Владимирович, азыр эле белгилүү болду, коронавируска тапшырган тесттердин анализи менде коронавирус бар экендигин көрсөттү. Буга байланыштуу Роспотребнадзордун талаптарына ылайык, мен өзүмдү обочолоп, дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн аткарууга тийишмин. Бул менин кесиптештеримди коргоо үчүн жасалышы керек”, - деп билдирген ал Россиянын президенти Владимир Путин менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп жатып.

Министрлер кабинетинин башчысынын милдетин биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусов аткарат.

Пикир

Оставить комментарий