• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Россиянын Коргоо министрлиги COVID-19дун вакцинасын кишилерге сынай баштады

Дүйнө 0

Бишкек 02.06.20. /Кабар/. Россиянын Коргоо министрлиги COVID-19 вирусунун вакцинасын сыноодон өткөрүү үчүн аскер кызматкерлеринин арасынан 50 ыктыярчыны тандап алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар аскер мекемесинин билдирүүсүнө таянуу менен билдиришти.

Кеп Россия Коргоо министрлигинин Борбордук илимий-иликтөө институту иштеп чыккан вакцина жөнүндө болуп жатат. Ыктыярчылардын биринчи тобу институтка 3-июнда келет.

Коргоо министрлиги коронавирустун вакцинасын иштеп чыгууга катышып жатканы апрель айынын башында белгилүү болгон. Министр Сергей Шойгу президент Владимир Путин катышкан жыйында клиникага чейинки иликтөөлөр 1-июнга карата аяктай турганын айткан.

22-майда Москвадагы Эпидемиология жана микробиология боюнча Улуттук изилдөөчү борбордун окумуштуулары коронавируска каршы вакцина ойлоп таап, өздөрү эмдөөдөн өткөнү белгилүү болгон.

Өткөн аптада Москва мэри Сергей Собянин илдеттин вакцинасы табылганга чейин санитардык чектөөлөр толугу менен алынбай турганын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий