• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиянын КРдагы маданият күндөрү: Бишкекте XIV эл аралык "Цветы России" маданият фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Ушул жылдын 25-30-мартында Бишкек шаарында Россиянын Маданият министрлигинин долбоору – XIV эл аралык "Цветы России" маданият фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Фестивалдын программасы маданий жана билим берүү багытындагы иш чараларды камтып, Бишкек шаарынын тургундарын Россиянын таланттуу балдарынын чыгармачылыгы менен тааныштырат.

Аталган долбоор Россиянын искусство жана билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө максатында 2013-жылы түзүлгөн. Ошондон бери "Цветы России" фестивалынын программасы Прага, Вена, Милан, Мюнхен, Хельсинки, Братислава, Афины жана башка дүйнөдөгү ири маданий борборлорунда тартууланган.

Фестивалдын программасы төмөндөгүлөрдү камтыйт:

-Россиядагы мыкты балдар театрларынын бири, эл аралык ири фестивалдарда Россиянын атынан катышып жүргөн балдардын "Домисолька" музыкалык театрынын программасы:

- актердук жана вокалдык чеберчилик боюнча мастер-класстар;

- Россиянын "Алтын беткап" ("Золотая маска") сыйлыгынын бир нече жолку лауреаты болгон "Куурчак формат" ("Кукольный формат") балдар театрынын спектакли;

-"Россия балдардын көзү менен" сүрөт көргөзмөсү;

- Россиянын жана Кыргызстандын балдар искусство мектептеринин мугалимдеринин катышуусу менен тегерек столдор.

Кененирээк:

29-март, саат 9:30

"Россияда жана башка жактарда орус тилин чет тили катары окутуунун технологиялары жана социалдык маданий аспекттери" тегерек столу

Россиянын жана Кыргызстандын билим берүү жана изилдөө мекемелеринин окутуучулары жана методисттери тил илиминдеги заманбап окутуу жана өнүктүрүү технологияларын талкуулайт. Аталган иш-чарада орус тилин окутуудагы тарыхый жактан калыптанган салттар жана жаңы ыкмалар, чет элдик адистердин орус тилин өздөштүрүүсүнө дем берген базалык педагогикалык жана культурологиялык аспекттер талкууланат.

Өтүүчү жай: М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 58)

29-март, саат 14:00

Оратордук чеберчилик жана орус тилинин маданияты боюнча тренинг

Шаардагы "Көркөм сөз" балдарга ар тараптуу багытта кошумча билим берүү окутуу-методикалык бирикмесинин жетекчиси Светлана Белощенко оратордук чеберчилик жана орус тилинин маданияты боюнча тренинг өткөрөт. Анын алкагында профессионалдык чеберчилик сырлары менен бөлүшүп, тренингдин катышуучулары менен үндү жана жаңсоо аракеттерин өнүктүрүү боюнча практикалык машыгууларды өткөрүп, сөздүн так жана көркөм айтылышы тууралуу сунуштарын берет.

Өтүүчү жай: М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (Бишкек шаары, ТоголокМолдокөчөсү 58)

29-март, саат 14:00

Ирина Пейсаховскаянын чыгармачылык кечеси жана актёр чеберчилик боюнча мастер-класс

Ирина Пейсаховская – Санкт-Петербург шаардык жаштар чыгармачылык борборунун коюучу режиссеру, жогорку категориядагы кошумча билим берүү боюнча мугалим. Ал "Арт-Диалог" балдар театралдык студиясынын жетекчиси болуп келет. Н. К. Черкасов атындагы Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун (учурдагы РГИСИ) драма режиссёру кафедрасын (профессор Г. А. Товстоноговдун курсу) аяктаган. Мастер-класс учурунда Ирина Пейсаховская катышуучуларга көңүл бурууну машыктыруу жана аны өнүктүрүү, эс-тутум жөндөмүн чыңдоо, алдын ала сезип билүү жана сезимталдыкты күчөтүү, биргелешип иш алып баруу жана кыймыл-аракеттердин шайкештиги жана ошондой эле пластика боюнча көнүгүүлөрду сунуштайт.

Өтүүчү жай: Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры (Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү 122)

29-март, саат 18:00

«Домисолька» Балдар музыкалык театрынын шоу-программасы (Москва)

Фестиваль "Домисолька" балдар музыкалык театрынын шоу-программасы менен ачылат. Аталган коллектив 1990-жылы автордук телеберүүнүн негизинде түзүлгөн. Учурда, "Домисолька" өлкөбүздүн эң мыкты балдар чыгармачыл коллективи жана анын курамында 4 жаштан 18 жашка чейинки таланттуу жаш артисттер билим алышат. Жаш таланттар вокал, бий, актёрдук чеберчиликти өздөштүрүп, Россиянын жана көптөгөн чет мамлекеттердин сахналарында өз таланттарын тартуулап келет. Бишкек шаарынын көрүүчүлөрү үчүн "Домисольканын" командасы атайын жалындуу эстрада хиттеринен түзүлгөн программасын сунуштайт.

Өтүүчү жай: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 167)

30-март, саат 10:00

"Россиядагы жана Кыргызстандагы балдарды тарбиялоо жана кошумча билим берүү жаатындагы социо-маданий иш алып баруу салттары" аталышындагы тегерек стол

Талкуу учурунда социо-маданий чөйрөнүн жана балдардын эс алуусуна шарт түзүү иретинде кошумча билим берүү системасынын адистеринин жаңыча иш алып баруусу тууралуу сөз болот. Спикерлер профессионалдык тажрыйбалары менен бөлүшүп, кызыктуу жеке мисалдарын ортого салып, усулдук нюанстарды талкуулашат. Россиядан келген катышуучулар чет өлкөлүк кесиптештерин Россиянын социо-маданий чөйрөсүндөгү мекемелеринин балдардын катышуусундагы популярдуу долбоорлору менен тааныштырат.

Өтүүчү жай: "Кыргызстан балдары" шаардык мектеп окуучулар чыгармачылык борбору (Бишкек шаары, Шакиров көчөсү 17)

30-март, саат 13:00

Сахна тили боюнча мастер-класс жана практикум

А. И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин музыка, театр жана хореография институтунун соло ырдоо кафедрасынын доценти, сахна тили боюнча окутуучусу Светлана Белощенко (Санкт-Петербург) балдар үчүн мастер-класс жана балдар театралдык студияларынын жетекчилери жана мугалимдери менен практикум өткөрөт. Катышуучулар сахна тилин окутуунун негиздери менен таанышып, артикуляция, дикция жана туура дем алуу боюнча көнүгүүлөрдү аткарып, табигый үндү кантип иштеп чыгуу керек экендиги тууралуу кеңештерди алышат.

Өтүүчү жай: "Кыргызстан балдары" шаардык мектеп окуучулар чыгармачылык борбору (Бишкек шаары, Шакиров көчөсү 17)

30-март, саат 14:00 жана саат 15:30

Куурчак форматы ("Кукольный формат") (КУКФО) Санкт-Петербург театрынын "Кызыл гүл" ("Аленький цветочек") спектакли

Режиссёру, коюучу сүрөтчүсү: Анна Викторова

Жомоктун негизинде классикалык окуя камтылган: жаш жигит, сыйкырдын күчү аркылуу түрү суук бир жаныбарга айланып, анын кайра адамга айлануусуна бейтааныш кыз себепкер болот. Ишеним, боорукердик, ак ниеттүүлүк – адамдык сапаттары, жомоктун каармандарына коркунучтуу, оор окуялардан жеңип чыгууга жардам берет. Режиссер жана сүрөтчү Анна Викторованын жомокту интерактивдик түрдө, кызыктуу кылып койгону жалгыз гана россиялыктардын эмес, 2015-жылы Бангкокто өткөн Дүйнөлүк куурчак театрларынын карнавалында таиланддык жана чет элдик көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Моноспектаклде мыкты роль жараткан актриса Ольга Донец "Мыкты айымдын ролу" сыйлыгына ээ болгон.

Өтүүчү жай: М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры (Бишкек шаары, Ю. Абдрахманов көчөсү 230 А)

30-март, саат 15:00

Николай Чермошенцевдин эстрада вокалы боюнча мастер-классы жана чыгармачыл кечеси

Николай Чермошенцев – Россиялык композитор, аранжировщик, музыкалык продюсер, "Домисолька" балдар музыкалык театрынын вокал, джаз фортепианосу, аспаптык жана вокалдык ансамбль классынын алдыңкы окутуучусу. Анын шакирттери көптөгөн кадыр-барктуу эл аралык джаз сынактарынын лауреаттары жана жеңүүчүсү болуп, Игорь Бутмандын оркестринде солист катарында жана «Усадьба-джаз», «Коктебель-джаз», «Гнесин-джаз», «Умбрия Джаз» (Италия) фестивалдарында катышат. 2017-жылы жайында Николай Чермошенцев өзүнүн окуучулары менен бирге Berklee колледжинде стажировкадан өткөн. Ал мастер-класс учурунда катышуучулар менен музыкалык чыгарманы талдап чыгып, сахнада өзүн өзү эркин алып жүрүү көнүгүүлөрүн сунуштап, сахна маданияты тууралуу айтып берет.

Өтүүчү жай: "Кыргызстан балдары" шаардык мектеп окуучулар чыгармачылык борбору (Бишкек шаары, Шакиров көчөсү 17)

25 – 30-март күндөрү

"Россия балдардын көзү менен" балдардын сүрөт көргөзмөсү

Көргөзмөдө искусство таануучулардын жана тажрыйбалуу мугалимдердин элегинен өткөн Россия Федерациясынын ар тарабынан тандалган 6-16 жаштагы көркөм сүрөт мектептеринин окуучуларынын 20 эмгеги коюлат. Ал эмгектер ар түрдүү жанр жана техникада аткарылып, жаш авторлордун бийик чеберчилигин жана алардын чыгармачыл потенциалдарын көрсөтөт. Көркөм өнөр искусствосу конкурстарынын дипломанттарынын жана катышуучуларынын өз мекенине болгон кызыгуусун жана жеке кабылдоосун алардын эмгектери айгинелеп, Бишкек шаарынын тургундары үчүн жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармачыл потенциалына баа берүүгө кайталангыс мүмкүнчүлүк жаралат.

Өтүүчү жай: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 167)

29-март, саат 17:00,

30-март, саат 13:00 жана саат 14:30

"Куурчак форматы" ("Кукольный формат" (КУКФО) Санкт-Петербург театрынын "Ак түндөр шаарынын куурчактары" ("Куклы города белых ночей") марионетка куурчактарынын интерактивдик көргөзмөсү

Куурчак формат ("Кукольный формат") – европалык камералык атмосферадагы автордук театрын 2003-жылы режиссер жана сүрөтчү Анна Викторова уюштурган. Ал мезгилден бери 15тен ашуун спектаклдар жаралып, Россиядагы жана эл аралык ондогон фестивалдарга катышкан. Шаттык жана юмор, мыскыл жана терең ой жүгүртүү – КУКФОнун негизги чыгармачыл өзгөчөлүктөрү. "Ак түндөр шаарынын куурчактары" ("Куклы города белых ночей") марионетка интерактивдик көргөзмөсүнун коноктору үчүн аталган театр "Пиковая дама", "Картинки из романа "Преступление и наказание", "Пиратская история", "Робин-Бобин", "Птифуры", "Всадник CUPRUM" спектаклдериндеги автордук куурчактар коллекцияларын сунушталат.

Өтүүчү жай: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 167), М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры (Бишкек шаары, Ю. Абдрахманов көчөсү 230 А)

Пикир

Оставить комментарий