• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиянын Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүсүн баскыч-баскыч менен баштоо маселеси макулдашылды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.11.20. /Кабар/. Москва шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Россия Федерациясынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалдын учурдагы абалын талкуулашты.

Артем Новиков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргыз Республикасында ички саясий кырдаалды турукташтыруудагы Россия Федерациясынын өзгөчө ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу форматтагы жана интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелеринин топтомун талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына каржылык жардам көрсөтүүнү этап-этабы менен баштоо маселеси макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий