• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга келет

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Эртең, 31-мартта Россия Федерациясынын муфтийлер кеңешинин төрагасы шейх Гайнутдинов Равиль Исмагилович Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.

Равиль Исмагилович өзүнүн Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында 1-апрелде саат 11:30 да эки өлкөнүн достук мамилелеринин бекемделиши, дин башкармалыктар аралык кызматташуу жаатында маалымат жыйынын өткөрөт.

Ал эми саат 12:00до Бишкек шаарынын Осмонкулов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде курулган заманбап «Махмуд ал-Кашгари» мечитинин расмийачылыш салтанатына катышат. Мындан тышкары иш-чарага дин аалымдары, депутаттар жана өкмөт өкүлдөрү катышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий