• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Россиянын президенти Путиндин Кыргызстанга иш сапары графикте турат – ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга иш сапары графикте турат. Бул тууралуу брифингде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

“Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин президентте дагы, Россиянын президентинде дагы график бар. Биз графиктерди бириктирип, мазмундуу бөлүгүн даярдашыбыз керек. Маселе күн тартибинде турат”, - деди ал.

Абдылдаев мындай иш сапардын жүрүшүндө маанилүү жана принципиалдуу маселелер караларын билдирди.

“Пакетте саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аймактык мүнөздөгү 10дон ашык маселе бар. Иш сапар графикте турат. Россиянын президенти чакырууну кабыл алгандыгы тууралуу жоопту бизге беришти”, - деп кошумчалады ТИМдин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий