• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиянын Соль-Илецкий шаарынын ЖККМИ кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын бороон-чапкындан куткарып калышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Российская Газета. Россиянын Соль-Илецкий шаардык округунун Жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттик инспекциясынын ( ЖККМИ) кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын бороон-чапкындан куткарып калышты.

Окуя түндөсү Боевая Гора ыштагына жакын Казань - Оренбург – Акбулак трассасында болду. Бишкектен жүргүнчүлөрү менен келе жаткан автобусту бороон-чапкын четке сүрүп таштап, бир дөңгөлөгү сынып калат. Автобустагы адамдар, бир нече өспүрүмдөр бир топ убакытка суукта тоңуп үшүшөт. Бул федералдык трассаны тейлеген Соль-Илецкий шаардык округунун Жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттик инспекциясынын ( ЖККМИ) кызматкерлери жардамы менен бардык адамдар аман калышат.

“Окуя түндө болду. Патрулдук кызматкерлер окуя тууралуу бөлүм башчы Алексей Олейникке айтышты. Ал адамдарды куткаруу үчүн керектүү техниканы, тейлөө станциясынын кызматкерлерин, медиктерди тез жиберүүнү буйруду”,-деп айтты Соль-Илецкий шаардык ИИББсынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн референти Юлия Попова.

Ошентип алардын жардамы менен Кыргызстандык жарандардын бардыгынын өмүрү сакталып калды.

Пикир

Оставить комментарий