• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке келет

Саясат 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-4-февралда Бишкекке келет. Бул тууралуу РИА Новости ТИМдин расмий өкүлү Мария Захаровага шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Лавров президент Сооронбай Жээнбеков жана кыргыз кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуу өткөрөт.

Эки тарап ошондой эле Владимир Путиндин Кыргызстанга келишине даярдык көрүүнү талкуулашат.

Эске салсак, Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити март айынын аягында болоору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий