• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Россиянын вице-премьери курулуш тармагында эмгек мигранттары тартыш экендигин билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Жакынкы эки жылда Россиядагы курулуштарга 5 миллион эмгек мигрантын тартуу керек. Бул тууралуу бейшембиде өлкөнүн вице-премьер министри Марат Хуснуллин билдирди.

Ал губернаторлорго кайрылып, бул тапшырманын укуктук маселелерин иштеп чыгууну сурады.

"Интерфакс" агенттиги белгилегендей, марттын башында Россиянын Курулуш министрлиги өлкөдө 1,2 миллион жумушчу жетишпей жатканын кабарлаган.

Бул арада бейшембиде Социологиялык иликтөөлөр борборунун директору Анатолий Клюев окумуштуулардын эсебинде, жакынкы он жылда Россияда калктын жумушка жарамдуу бөлүгү 7 миллион кишиге кыскара турганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий