• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиянын “Ворониндер” сериалы Гиннес китебине кирди

Маданият 0

Бишкек, 03.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө популярдуу болгон “Ворониндер” сериалы Гиннес рекорддор китебине кирди,-деп жазат РИА Новости.

Тасма дүйнөдөгү ылайыкташтырылган сериалдардын арасынан эң узак сериал аталган.

“СТСтин үй - бүлөлүк сериалы эң узак ойногон тасма аталып – Sony Pictures Television форматы боюнча түзүлгөн сериалдын 455чи эпизоддун тартуу учурунда Гиннес рекорддор китебинин атайын өкүлү – “Ворониндер” сериалын Гиннестер китебине каттаган ”,-деп айтылат маалыматта.

“Ворониндердин” биринчи сериясы жалпы көрүүчүлөргө 2009-жылдын 16-ноябрында сунушталган. Ошол убактан бери эфирге 20 сезон көрсөтүлүп, 455 серия тартылган.

Пикир

Оставить комментарий