• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Россиянын жараны Кыргызстанга мергенчи октору менен кирүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.18 /Кабар/. 15-ноябрда “Ак-Тилек-унаа жолу” көзөмөл өткөрүү пунктунда чек ара кызматы Россиянын жаранынан окторду таап, алышкан.

1966-жылы төрөлгөн Е.П. аттуу Россиянын жараны өткөрүү пунктуна жеңил унаа менен Казакстандан келген. Транспорт каражатын текшерүү учурунда чек арачылар анын унаасындагы алдыңкы отургучтун алдынан 12-калибрдеги 29 мергенчи огун табышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Россиялык жаран Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүгүнүн кызматкерлерине териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий