• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россиянын ЖОЖдоруна бюджеттик орундарга тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу жүрүүдө

Билим 0

Бишкек, 24.01.21 /Кабар/.Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021-2022 окуу жылына карата Россия Федерациясында окуу үчүн бюджеттик орундар бөлүндү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 20-февралына чейин EDUCATION IN RUSSIA сайтында гана жүргүзүлөт.

Белгиленген мөөнөттөн кечирээк жөнөтүлгөн документтер кароого кабыл алынбайт. Документтерди тапшыруу мөөнөтүн өзгөртүү мүмкүн эмес.

Көңүл буруңуз! Россиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн талапкерлерди кабыл алуу эч кандай ортомчу уюмдардын катышуусуз жүргүзүлөт.

Каттоо кыска убакыттын ичинде жүргүзүлө тургандыгына байланыштуу талапкерлерден бир катар милдеттүү түрдө керектелүүчү документтерди алдын-ала даярдап алууну өтүнөбүз:

1. Паспорттун ТҮСТҮҮ сканери (биринчи бет);

2. Орус тилине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн паспорттун котормосу (биринчи бет);

Эскерте кетсек, квота Россия Федерациясынын аймагында жашоого уруксаты бар Россия Федерациясынын жарандарына жайылтылбайт. Эгерде талапкердин Россиянын паспорту болсо, анда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу талап кылынбайт. Талапкер Кыргыз Республикасынын аймагында жашайт экендиги туралуу документтин түстүү сканерин камсыз кылыш керек.

1. ID-картанын ТҮСТҮҮ сканери (эки жагынан бир баракта);

2. ID-картанын орус тилине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу (эки жагынан бир баракта);

3. 11-классты бүтүргөн туралуу аттестаттын (бардык барактары) же жогорку окуу жайды бүтүргөн туралуу дипломдун (бардык барактары) ТҮСТҮҮ сканери.

Эгерде талапкер өтүнүм берүү учурунда дагы деле окуп жатса, анда бааларды көрсөткөн академиялык маалымкатты берүү керек:

Мектеп окуучулары үчүн - бул 11-класстын I, II чейректеринин бааларынын тизмесинин ТҮСТҮҮ сканери болушу мүмкүн. Түстүү сканерде (баалары көрсөтүлгөн ар бир баракта) окуучунун аты-жөнү, мектеп директорунун же окуу бөлүмүнүн башчысынын колу, ошондой эле билим берүү уюмунун мөөрү болушу керек. Эгерде баалардын тизмесинде сабактардын аталышы орус тилинде кайталанса, анда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу талап кылынбайт.

Орто атайын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттер үчүн - бул окуу башталгандан баштап 2020-жылдын аягына чейин алынган баалар менен академиялык баа тизмесинин ТҮСТҮҮ сканери болушу мүмкүн. Баа тизмеде билим берүү уюмунун мөөрү болушу керек. Эгерде күбөлүк кыргыз же башка тилде болсо, анда баалар менен кошо орус тилине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу керек.

Магистратурага, ординатурага, аспирантурага тапшырууну пландап жаткан талапкерлер портфолио даярдашы керек (2019-2020-жылдары гана алынган сертификаттар, дипломдор, басылмалар ж.б.). Эгерде документ кыргыз же башка тилде берилген болсо, анда котормо кызматтарын көрсөткөн уюмга кайрылып, орус тилиндеги котормосун тиркөө керек. Котормо түпнускасы менен кошо бир сканерге жүктөлүшү керек.

Басылмаларда талапкер-автордун аты-жөнүн толук көрсөтүү керек. Макала менен бирге аталышы жана чыккан жылы көрүнүп турган жыйнактын титулдук барагын бир сканерге тиркеп кою зарыл.

Талапкер EDUCATION IN RUSSIA сайтындагы бардык документтерди өз алдынча, электрондук түрдө гана берет (файлдар "көп барактуу pdf" форматында болушу керек, башкача айтканда бир документ - бир файл. Бир файлдын көлөмү 3 МБтан ашпашы керек. Сканердин көчүрмөлөрү түпнуска документтерден гана жасалат. Ар бир файлдын аталышы болушу керек (Талапкердин аты-жөнү жана документтин толук аталышы).

Милдеттүү түрдө керектелүүчү документтерди даярдоо сунуштама мүнөзүндө болот!

Эскертүү:

1. Сурап ​​билүү телефону: +996 (312) 300-512 / электрондук почта: abiturient@kgz.rs.gov.ru

2. Документтерди толтуруу боюнча консультациялар 2021-жылдын 26-январынан баштап жумасына эки жолу (шейшемби, бейшемби) саат 17.00дөн 18.00гө чейин өткөрүлөт.

3. Бишкек шаарындагы Россия илим жана маданият борборунун расмий сайты https://kgz.rs.gov.ru/ru/news/82861.

Пикир

Оставить комментарий