• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Российская газета» менен «Пирамида» медиахолдинги маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча келишимге кол койду

Коом 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Россия өкмөтүнүн расмий басылмасы «Российская газета» менен Кыргызстандын «Пирамида» медиахолдинги маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу медиахолдингден билдиришти.

««Российская газета» - Россия кмөтүнүн расмий басылмасы. Бул басмаканасыз өлкөдө бир дагы мыйзам күчүнө кирбейт. 30 жылдык тарыхында басылма эң абройлуу жана салмактуу маалымат каражаттарынын бирине айланды жана ата мекендик медиа рыногунда негизги позицияларды бекем ээлеп келет. Сенсациянын артынан сая түшпөй, текшерилген маалымат менен гана бөлүшүү, «Российская газетасынын» редакциялык так саясаты ушундай. Өзүнүн отуз жылдык тарыхында «Пирамида» телеканалы өз командасын телеберүүнүн гана эмес, видеоблогингдин да бир бөлүгү болууга мажбурлаган медиа-холдингге айланды. «Пирамида» медиахолдинги бүгүнкү күндө 15тен ашык чет өлкөлөрдө белгилүү. Маалымат менен иштөөнүн өзгөчө стилин калыптандырып, өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырып, маданиятты, каада-салтты жана үрп-адатты сактоо жана жогорулатуу менен келе жатат. Телеканал Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө ачып, коомдун бардык институттарынын ортосундагы тынчтыкты орнотуп, конструктивдүү диалогду түзүүгө көмөктөшөт», - деп айтылат билдирүүдө.

Россия менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен, маалыматтык, маданий-гуманитардык кызматташуу программаларын натыйжалуу ишке ашырууда мамлекеттердин өз ара кызыкчылыктарын илгерилетүү максаттарынын негизинде, Кыргызстандын «Пирамида» телеканалы менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн «Российская газета» расмий басылмасынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча келишимге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий