• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россияда жасалма кыргыз паспортун алып жүргөн өзбек жарандары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Удмуртиянын борбору Ижевскте Федералдык коопсуздук кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Өзбекстандын 4 жаранын жасалма документ алып жүрүүгө шектеп кармаган.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, үч эркек, бир аялдан Кыргыз Республикасынын паспорту жана айдоочулук күбөлүктөрү табылып, алынган.

“Алар жасалма документтердин жардамы менен Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу түрдө орун-очок алууну көздөшкөн”, - деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө алар күнөөлөрүн моюндашкан. Муну эске алуу менен бул иш атайын тартипте каралган. Сот аларды айып пул төлөөгө милдеттендирип, мекенине кетирүү чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий