• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону жаңы аба каттамы ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. “Ош” эл аралык аэропортунда “Азимут” авиакомпаниясынын Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону чартердик каттамы салтанаттуу тосуп алынды.

Аэропорттун басма сөз кызматынан билдиргендей, биринчи каттам менен Ошко 60 жүргүнчү учуп келди.

Белгиленгендей, алгачкы аба каттамды салтанаттуу тосуп алынып, Ош — Ростов-на-Дону рейсине каттоо да майрамдык маанайда өттү.

Келген жана кетип жаткан жүргүнчүлөр аталган каттамдын ыңгайлуулугун белгилешти. Ростов-на-Донуга 83 жүргүнчү учуп кетти. Каттам жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

“Урматтуу жүргүнчүлөр! “Манас” эл аралык аэропорту” ААК билеттердин баасына эч кандай таасир этпейт жана жөнгө сала албайт, ошондой эле билет сатуу менен алектенбейт. Баа саясатын авиакомпаниялар аныктайт, алар ички эрежеге ылайык ишке ашырылат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий