• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Роза Даутованын элесине арналган жаш журналисттер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Өкмөт үйүндө социалдык маанилүү темаларда жазган жаш журналисттердин публицистикалык иштеринин Улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Жаш журналисттер арасындагы сынак Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын ишин өркүндөтүүгө, масс-медиа жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөөнүн комплекстүү кадамдарын түзүүгө зор салым кошкон коомдук ишмер Роза Даутованын элесине арналып өткөрүлдү.

«Мамлекет, масс-медиа жана жарандык коом» темасындагы публицистикалык иштерге сынак 2018-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейинки мезгилде социалдык маанилүү темаларда жазган жаш журналисттерди сыйлоо жана өбөлгөлөө максатында өткөрүлгөн.

Сунушталган эмгектерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Сынактык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан 1-орунду «Азаттык» радиосунун журналисти 2018-жылдын 22-июлунда кырсыктан каза тапкан Улан Эгизбаевге ыйгаруу чечими чыгарылган.

Бул чечим Улан Эгизбаевдин атамекендик журналистикага сиңирген эмгегине сый көрсөтүү иретинде жана анын көтөргөн темаларынын маанилүүлүгүнө байланыштуу кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары, Сынактык комиссиянын төрагасы Болот Жунусов сынакка катышкан жаштар өздөрүнүн жашоодогу принциптеринде Роза Даудова жана Улан Эгизбаев сыяктуу – чынчылдык, калыстык, объективдүүлүк жана ыкчамдыкты кармана тургандыктарына ишеним билдирди.

2-орунга Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин гуманитардык факультетинин 3-курсунун студенти Мажид Османов 2018-жылдын 6-декабрында «АКИpress» интернет-порталында жарыяланган «Күчтүү жарандык коом жана көз карандысыз журналистика – алдыга жылуу үчүн зарыл нерселер» деп аталган макаласы үчүн ээ болду.

3-орунду «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин 2-курсунун студенти Самира Шарипова «kyrgyztoday.org» интернет-порталында 2018-жылдын 5-декабрында жарыяланган «Үйлөнүү оңой, бирок үй-бүлө куруу кыйын» аталышындагы макаласы үчүн ээледи.

Белгилей кетсек, Сынактын бардык жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай байгелерди алышты.

Пикир

Оставить комментарий