• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«РСК Банк» ААКсы: Насыялардын шарттарын ыңгайлаштырып жана мөөнөттөрүн узартып берүү боюнча 2560 кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата 4 млрд сомдон ашуун суммага насыялардын шарттарын ыңгайлаштырып жана мөөнөттөрүн узартып берүү боюнча 2560 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азиз Оморкулов өкмөт үйүндө өткөн брифинде билдирди.

Анын айтымында, учурда 3 млрд сом суммасындагы акча каражаты же башкача айтканда, 1905 кайрылуу каралып, ыңгайлуу шарттар түзүлүп, 3 айдан 6 айга чейин мөөнөттөрү узартылып берилди.

«Калган арыздар жакынкы убакытта каралып, шарттары ыңгайлаштырылып берилет», - деп белгиледи ал.

Оморкулов кошумчалагандай, өлкөдөгү киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин убагында банк насыяларды берүүнү токтоткон жок, ал толук кандуу иштеп жатат.

«Ошондой эле айыл чарбаны каржылоо долбоору дагы иштеп жатат. Мындан сырткары, мал чарбасын колдоо, кайра иштетүү, кластер долбоорлору дагы өз ишин улантууда», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий