• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«РСК Банк» тейлөөнү дистанттык түрдө жүргүзүү үчүн мобилдик банкинг тиркемесин ишке киргизген

Экономика 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. «РСК Банк» тейлөөнү дистанттык түрдө жүргүзүү үчүн мобилдик банкинг тиркемесин ишке киргизген. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында аталган банктын төрагасы Азиз Оморкулов билдирди.

Анын айтымында, аталган тиркеменин колдонуучуларынын саны 50 миңден ашты.

«Колдонуучуларыбыз банкка келбей тиркеме аркылуу каржы транзакцияларын жүргүзүүдө. Аны менен бирге, кардарлардын кайрылууларын да электрондук түрдө кабыл алып жатабыз. Арызды кагазга жазып, аны сүрөткө тартып WhatsApp, Telegram аркылуу жиберип кайрылсаңыздар болот», - дейт ал.

Оморкулов белгилегендей, банкта call-борбору иштеп жатат.

«Сall-борборго 0312 911 111 же кыска 9111 номери аркылуу кайрылса болот. Банктын системасы бир учурда 55 чалууну кабыл ала алат. Апрель айында call-борбор аркылуу 6 миң 200 кайрылуу келип түшкөн. Ошондой эле WhatsApp 0706 911 111 номерибиз аркылуу кайрылсаңыздар болот. Аталган тиркеме аркылуу апрель айында 3 миң 500 кайрылуу келип түшкөн»", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий