• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«РСК Банктын» эки кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. «РСК Банктын» эки кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Ссламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

««РСК Банктын» 2 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Анын бирөөсү Бишкек шаарында. Ал коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгон. Ал дарыланып айыгып чыгарылды. Экинчи учур Чаткал районунда болуп, ал жакта банктын филиалынын кызматкери ооруп калган. Ал бүгүнкү күнү ооруканада жатат», - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-майга карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 906ны түзөт. Алардын ичинен 650 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий