• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

«РСК Банктын» төрагасы: Аймактарда мобилдик банкингди активдүү колдонушат

Экономика 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. «РСК Банктын» 40 миңден ашык кардары мобилдик банкингди колдонот. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда «РСК Банктын» төрагасы Азизбек Оморкулов билдирди.

Мобилдик банкинг кызматы менен аймактарда көп колдоно башташкан, алсак, Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында жана Нарын облусунун Чаек айылында.

Оморкулов билдиргендей, система бир жарым жыл мурун ишке киргизилген. Аталган мезгил учурунда жалпы кардарлардын 7-8 пайызы кызматтарды электрондук жол менен төлөө системасына кошулушкан.

«40 миңден ашуун кардар мобилдик банкинг аркылуу тейлөөгө өтүшкөн. Банкингдин жардамы менен төлөөнүн 400 түрүн жүргүзүүгө болот - кызматтарды төлөө, бир картадан экинчи картага акча которуу, электрондук капчыктын балансын толтуруу, айыппулдарды төлөө, башка өлкөлөргө акча которуу. Ошондой эле өз депозитиңизге мониторинг жүргүзүп турсаңыз болот», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий