• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өрт чыккан базарлардын жетекчилерине калыбына келтирүү иштерин тездетүү сунушталды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.18 /Кабар/. 2018-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-рынок комплексинин жана Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында 2018-жылдын 13-апрелинде орун алган өрт кесепетинен келтирилген зыянды баалоо боюнча Комиссиянын кезектеги кеңешмеси өттү. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы астында өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр базарлардагы өрткө байланыштуу бардык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарылдыгын билдирди.

«Жабыркагандар – биздин жарандар, алар өз бүлөлөрүн багып, алынган кредиттерди төлөшү керек. Мындан тышкары, алар ишин баштоосу үчүн жаңы соода орундары керектелет», – деди ал.

Комиссия маалымдагандай, бүгүнкү күндө 133 ишкердин тизмеси бекитилген, алардын документтерин кабыл алуу Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясында жана Жалал-Абад шаарынын мэриясында 2018-жылдын 10-майына дейре жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү окуя болгон жерде жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, айтылган маалыматтар иликтөөнүн жүрүшү жана экспертизалардын өткөрүлүшүнө тийиштүү болду.

Андан соң Комиссия келтирилген финансылык зыянды жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулады. Мындан тышкары «Кепилдик фонд» ААКга кичи жана орто ишкердик субъектилерге «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте 1 млн сом суммасына дейре кепилдик берүү сунушталды. Тактап айтканда, бул Комиссия тарабынан бекитилген тизмеге жараша күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз эсептелген «Кепилдик фонд» ААК өнөктөштөрү болгон коммерциялык банктардын кредиттерине тийиштүү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы жабыркагандардын бекитилген тизмесин алган соң, аны кредиттерди пролонгациялоо боюнча андан аркы иштер үчүн коммерциялык банктарга жөнөтөт.

Рынок жетекчилерине жабыркаган жактардын чыгымын кайтаруу максатында соода орду үчүн акысына 1-2 жылга чейин 50 % жеңилдик берүү сунушталды.

«Сейтек» ЖЧК, «Берекет» ЖАК жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын жетекчилигине жабыркаган имараттардын жана соода аянтардын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин тездетүү сунушталды.

КР ИИМ Мамлекеттик сот-экспертизалык кызматына экспертизаларды өткөрүү ишин ыкчамдатуу тапшырылды.

КР Өкмөтүнө караштуу Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматына КР ИИМ менен биргеликте 2018-жылдын 10-майына дейре базарлардагы өрттүн себептерин аныктоо боюнча экспертизаны жыйынтыктоо тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигине жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына жана Жалал-Абад аймактык шаар куруу башкармалыгына 2018-жылдын 25-майына чейин мыйзамда каралган тартипте имараттарды калыбына келтирүү үчүн документтерди кароону жыйынтыктоо милдети коюлду.

Пикир

Оставить комментарий