• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өрт чыккан Кербендеги ооруканадан алты ымыркай облустук бейтапканага которулду

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан чыккан өрттөн эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Каарманбек Байдавлетовдун маалыматы боюнча, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун бир корпусунун чатыры толугу менен күйүп кеткен.

“Бейтаптар башка бөлүмдөргө которулуп, өздөрүнүн оорусуна ылайык дарыланууну улантып жатышат. Өрттөн жабыркагандар жок. Төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн алты ымыркай Жалал-Абад облустук ооруканага которулду”, - дейт Байдавлетов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 13-мартта Аксы районунун Кербен шаарындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратында өрт чыккан.

ӨКМ өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, толук саат 11:23тө өчүрүлгөнүн билдирген.

Аталган оорукананын имаратынан жалпы 134 бейтап эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий