• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өрт коопсуздугу сакталган эмес. Май куюучу жай 75 миң сом айыпга жыгылды

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Өрт коопсуздугун сактабаган май куюучу жайга 75 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан “Альфа Ойл” ЖЧКсынын май куюучу бекеттеринде өрт коопсуздугунун сакталышы текшерилген.

"Аткарууга берилген эскертме жазуулардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында контролдук текшерүүлөр жүргүзүлүп, эскертме жазуулардын аткарылбагандыгы жана өрт коопсуздугун сакталбагандыгы үчүн атайын протокол түзүлүп, 75 миң сом өлчөмүндө айып салынган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий