• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өрт кырсыгы: 1 тонна көмүр, "ВАЗ-2109" жеңил унаасы жана 115 чарчы метр кафе өрттөнгөн

Кырсык 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 14 өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарындагы Д. Сяопин көчөсүндөгү №18 "Б" дарегиндеги дүкөндүн темир устундуу темир жабылган чатырынын 2 чарчы метр жылууландыргыч каражаттары күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Бишкектин Келечек калктуу конушунда №1 жер тилкесинде жыгач устундуу темир жабылган кафеси менен унаа ондоочу жайдын 115 чарчы метр чатыры жана эки жеңил унаа ("Жигули" жана "Дайхатсу") толугу менен күйгөн.

Чүй облусунун Берикбаев көчөсүндө жыгач устундуу темир жабылган турак үй менен бастырманын 72 чарчы метр чатыры, 1 тонна көмүр, 5 куб отун жана "ВАЗ-2109" үлгүсүндөгү жеңил унаасы толугу менен күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий