• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өрт кызматына нааразычылыктар жаралууда

Коом 0

Бишкек, 19-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Өрткө каршы кызматынын кырсык болгон жерге кечигип баруусу, жана өрттү өчүрүүдөгү чабалдыгы техниканын жана кызматкерлердин жетишсиздигинен улам болууда. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мекемеден билдиришкендей, бүгүнкү күнү өлкөдөгү өрт өчүрүүчү техникалар эскирип кеткен ал эми аларды алмаштырууга өтө көп каражат талап кылынат.

Өрткө каршы унаанын цистернасынын көлөмү 40 тонналык, ал эми крандан болжолу менен секундасына 8 литр суу чыгат . Мындай ылдамдыктагы агымда суу болгону 5-8 мүнөткө жетет. Тажрыйбалуу өрт өчүрүүчүлөр сууну үнөмдөп, ичке түтүктөрдү колдонуп келишет. Бирок массалык түрдө өрт каптаган маалда андай техника жардам бербейт. Мындан улам өрттү өчүрүүгө күбө болгон жарандар кызматкерлер өрт чыккан жерге суусу жок келет деп даттанышууда”,-деп билдирди ӨКМ кызматкерлери.

Эскерте кетсек, буга чейин шаар тургундары өрт кызматкерлеринин ишине канааттанбагандык билдиришкен болчу.

Пикир

Оставить комментарий