• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өрттүн кесепетинен бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.12.17./Кабар/. Аламүдүн районунда өрттүн кесепетинен бир адам каза болду,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 8-декабрда катталган.

“Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айылынын Ж. Гвардия көчөсүнүн №85 дарегиндеги турак үйдөн чыккан өрт, саат 12:50дө чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн ээси 1958-жылы туулган С. Г.В. (орус улутундагы аял) каза болгон”,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМден билдиришкендей, учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий