• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өрттөн жабыркаган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө 8 ай бою 25 миң сомдон жардам көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Таштанбек уулу Рустамдын үй-бүлөсүнөн кабар алып, аларга "Инсандык жардам" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан материалдык жардам көрсөтүлө турганын билдирген. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Эске сала кетсек, Бишкектин четинде жайгашкан "Келечек" конушунда Таштанбек уулу Рустам үй-бүлөсү менен жашаган батир 2019-жылдын 11-февралында өрттөнүп, анда анын 2015, 2016, 2017-жылы туулган үч баласы иске ууланган.

"Балдарымдын экөөсү өрттүн айынан көбүрөөк жабыркаган. Биз өз убагында тиешелүү дарылануудан өттүк. Азыр ден-соолуктары жакшы. Дарыгерлер бир жылга чейин балдарга дайыма сүт азыктарын берүүнү сунушташты", - дейт балдардын атасы Рустам.

Жакында эле бул үй-бүлө төртүнчү ирет балалуу болушкан. Алар кызы төрөлгөндө 4 миң сом өлчөмүндөгү "балага сүйүнчүнү" тез арада ала алышкан.

Белгилей кетсек, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кайрылуусу менен "Инсандык жардам" коомдук кайрымдуулук фонду ал үй-бүлөгө 8 ай бою 25 миң сомдон ай сайын акчалай колдоо көрсөтүп турмай болгон. Аталган каражаттар балдардын тамак-ашына жана батирдин ижарасын төлөөгө жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий