• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өрттөп, өлүгүн көмүп койгон. Ошто бир тууган агасын өлтүрүүгө шектелип 23 жаштагы жигит кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Ошто агасын өлтүрүүгө шектелип анын бир тууган иниси кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматына 1991-жылы туулган Төлөйкөн айылынын тургуну Ж. А. уулу жакындары тарабынан өлтүрүлүп, үйүнүн батыш тарабындагы ээн талаага көмүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Жакын туугандары ал тууралуу сурагандарга, "Россияга иштегени кеткен" деп айтып жүрүшкөн.

Алынган маалыматты тактоо, иликтөө иштеринен соӊ, кечээ, 23-сентябрь күнү адам өлтүрүүгө шектүү катары 1996-жылы туулган Төлөйкөн айылынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө, шектелүүчү жасаган кылмышын моюнуна алып, көрсөтмөсүндө: "Агам кичине кезимден баштап мени көп келекелеп, көпчүлүктүн көзүнчө шылдыӊдай берчү. Көп ирет колу тийген. Апама, карындашыма дагы кол көтөрчү. Былтыр сентябрь айында дагы мас болуп келиптир. Колунда ичимдиктер бар экен. Карындашым менен апам анын мүнөзүн билип, үйдөн качып кетишиптир. Келип эле мага тийишип, ура баштады. Мен ачуу үстүндө бөлмөдө турган көсө темир менен башына уруп жибердим. Агам жерге жыгылып, дем албай калды. Мен анын өлүгүнөн кутулуу үчүн талаага алып барып, өрттөп, ошол жерге көмүп койдум. Сурагандарга "Россияга кеттим" деп үйдөн чыгып кетти" деп айтып жүрдүм", - деген.

Бул факт Жазык кодексинин 130-берене ("Адам өлтүрүү") беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий