• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Рубеж-2021": «Эдельвейс» борборунда ЖККУ өлкөлөрүнүн аскердик машыгуусу башталды

Коом 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Эдельвейс” окуу борборунда Бордук-Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары менен машыгуулар башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Машыгууга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун аскер контингенттеринин бөлүктөрү катышты.

Машыгуунун максаты алдыда боло туруучу биргелешкен “Рубеж-2021” машугуусуна катышкан аскер кызматчыларынын кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.

Эске салсак, 7-9-сентябрь аралыгында КРнын “Эдельвейс” полигонунда ЖККУнун Бордук-Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүкчөлөрү менен “Рубеж-2021” машыгуусу болот.

Пикир

Оставить комментарий