• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Рубеж-2021” машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга казак аскерлери келди

Коом 0

Бишкек, 05.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-сентябрда 20636 аскер бөлүгүнүн аймагында Бордук Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдүн бөлүкчөлөрү менен өтүүчү “Рубеж-2021” машыгуусуна келген Казакстан Республикасынын аскердик контингентин тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Машыгууга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Россия Федерациясынын аскердик контингенттери, ЖККУнун бириккен штабынын жана катчылыгынын оперативдүү топтору катышат.

Машыгуунун негизги максаты - ЖККУнун (Жамааттык күчтөрдүн) аскерлеринин башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын практикалык көндүмдөрүн, ошондой эле, Борбордук Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдүн бөлүкчөлөрү менен биргелешкен операциялардын жүрүшүндө тапшырмаларды аткаруудагы күжүрмөн айкалышкандыктарын жогорулатуу болуп саналат.

Эскерте кетсек, “Рубеж-2021” машыгуусу 7-9-сентябрда “Эдельвейс” полигонунда башталып, активдүү фазасы 9-сентябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий