• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Рух Ордо": эл аралык туристтик жарманкенин ачылышы өтүп, концерт коюлду

Маданият 0


Чолпон-Ата, 13.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл (Issyk-Kul ITF 2022) эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин расмий ачылышы өттү.

Жарманке 13-14-май аралыгында Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда уюштурулган.

Жарманкенин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, элчилер, депутаттар жана келген коноктор катышты.

Иш-чаранын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, алгач президент Садыр Жапаровдун атынан кыргызстандыктарды туристтик сезондун ачылышы менен куттуктап өттү.

"Ысык-Көлдү жер планетасындагы географтар "жердин кареги" деп аташат. 1 миң 600 метр бийиктиктеги суусу кычыраган кышта тоңбой, жайында 20 градуска ысып, өзүн-өзү тазалаган касиетке ээ. Мындай жерди биз даңазалап гана туруубуз абзел. Быйыл дүйнөдөгү саясий абалга байланыштуу бизге туристтердин чоң агымы келет деп күтүп жатабыз", - деди Жапаров.

Жапаров сөзүнүн аягында 2022-жылкы жайкы туристтик сезонду ачык деп жарыялады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын сөзүнөн кийин кечки майрамдык концерт башталды.

Issyk-Kul ITF көргөзмөсүнүн жүрүшүндө өлкөнүн жети дубанынын жашоочулары боз үй тигип, өз аймагынын өзгөчөлүгүн айгинелеген кол өнөрчүлүк, аспап, буюм-тайымдарын келген конокторго тартылоодо.

2016-жылдан бери көл жээгинде өтүп келген жарманкеге бул ирет 90дой туристтик компания, пансионат, конок үй жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар катышууда.

Эскерте кетсек, IITF 2022 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Issyk-Kul ITF – 2022 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты — өлкөнүн туризм чөйрөсүн өз калыбына келтирүү жана мындан ары өнүктүрүү, ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, эртең, 14-майда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алат.

Пикир

Оставить комментарий