• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Рухий-Мурас” конушунун жашоочулары Бишкектин вице-мэрине көйгөйлөрүн айтышты

Коом 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Борбор калаанын турак-жай коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Октябрь районунун “Рухий-Мурас” конушунун жашоочулары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конуштун жашоочулары вице-мэрге мектеп, бала бакча, жол, тротуар, инженердик тармак, балдар аянтчасын куруу, сквер уюштуруу жана көчөлөрдү жарыктандыруу маселелерин кароо өтүнүчүн айтышты.

Ошондой эле, жолугушууга шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев, укук коргоо органынын өкүлдөрү катышып, жашоочулардын көйгөйлөрүн угушту.

Вице-мэр райондук кызматка шаардыктардын маселелерин кыска аралыкта карап чыгып, чечүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий