• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Рухий-Мурастагы үй-бүлөнү үйдөн күчтөп чыгарган окуя боюнча Жогорку сот комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Социалдык тармакта Бишкектин четиндеги Рухий-Мурас конушунда үй-бүлөнү үйдөн күчтөп чыгарган окуя тууралуу видео тараган.

Бул окуяга байланыштуу Кыргызстандын Жогорку соту төмөнкүлөрдү билдирет:

"Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2013-жылдын 15-майындагы сырттан чыгарган чечими менен Н.А.Бнын Г.Т.Дга карата карыз өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандырылып, Г.Т.Ддан Н.А.Бнын пайдасына 574 630 сом карыз акча өндүрүлгөн.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2013-жылдын 15-майындагы сырттан чыгарган чечимин менен макул болбой, Г.Т.Д апелляциялык арыз менен сотко кайрылган. Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 7-мартындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2013-жылдын 15-майындагы чечими жокко чыгарылып, иш ошол эле сотко кайрадан кароого жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 3-ноябрындагы чечими менен Н.А.Б жоопкер Г.Т.Дга карата карыз акчаны өндүрүп алуу жөнүндөгү доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган, Г.Т.Ддан Н.А.Бнын пайдасына 660 127 сом карыз акча өндүрүлгөн.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2018-жылдын 28-январындагы аныктамасы менен Н.А.Бнын соттун чечимин аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө арызы канааттандырылган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2013-жылдын 15-майындагы чечимин аткаруунун ыкмасы жана тартиби Бишкек шаарынын Рухий-Мурас-5 (Рухий-Мурас көч.) (Лебединовка 50 га) 32 дарегинде жайгашкан Г.Т.Д жеке менчик укугунда турган турак жайга өндүрүп алуу жолу менен өзгөртүлгөн.

Доогер Н.А.Б Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жоопкерлер Г.Т.Д, Ч.Д, Ч к. Г., К.К., Ч. к. Н. жана Б.А. үйдөн чыгаруу жөнүндөгү доо арыз менен кайрылган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2019-жылдагы 16-сентябрындагы чечими менен Н.А.Б доо арызы канааттандырылган. Г.Т.Д, Ч.Д, Ч. к. Н., К. К., Ч к. Г. жана Б. А. Бишкек шаары, Рухий-Мурас-5 көчөсү (Рухий-Мурас к/м) (Лебединовка 50 га) 32 дареги жайгашкан турак жайдан чыгарылышкан.

Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 4-декабрындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2019-жылдын 16-сентябрындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 29-апрелиндеги жана 2021-жылдын 15-декабрындагы аныктамалары менен Ч. к. Н. жана К.К. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2019-жылдын 16-сентябрындагы чечимине жана Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 4-декабрындагы жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасына карата кассациялык даттануу берүүгө өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыздары канааттандырысыз калтырылган, кассациялык даттануу арыз ээлерине кайтарылган.

Бишкек шаарынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн турак жайдын менчик ээси - Н.А.Б. болуп саналат. Ал эми менчик укугу Октябрь районунун САКБ сот аткаруучусу тарабынан түзүлгөн 2015-жылдын 26-октябрындагы тооруктан сатылбаган кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү протоколунун негизинде ага таандык.

Бул иш-аракеттер сот аткаруучу тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун Н.А.Бнын пайдасына Г.Т.Д. 574 630 сом өндүрүп алуу жөнүндө 2015-жылдын 5-мартындагы аткаруу барагынын негизинде аткарылган.

Андан тышкары, Ч.К. Д. аны чыгаруу жөнүндө соттун чечимин аткаруу боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун сот аткаруучулар кызматынын аракеттерине арыз менен сотко кайрылган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 21-ноябрындагы аныктамасы менен Ч.К. Д. арызы канааттандыруусуз калтырылган.

Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 23-январындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 21-ноябрындагы аныктамасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылары менен макул болбой, Ч.К.Д. кассациялык даттануу менен КР Жогорку сотко кайрылып, аталган иш 2023-жылдын 24-апрелинде саат 9.30 га кароого дайындалган".

Пикир

Оставить комментарий