• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Румыниядагы мелдеште кыргыз туусунун көтөрүлбөй калышы. Федерация өз пикирин билдирди

Спорт 0

Бишкек, 17.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынына Румынияда өткөн кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын туусун көтөрүүдө чыккан маселе боюнча өлкөнүн кол күрөш федерациясынын президенти жана Кристина Болдырева билдирүүсүндө айтып кеткен Жеенбек Мукамбетов өзү келип, түшүндүрмө берди.

undefined

Эскерте кетсек, Румынияда өткөн кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын атынан чыгып жаткан Кристина Болдырева сол кол менен күрөшүүдө алтын медаль уткан. Бирок сыйлоо аземинде Кыргызстандын туусун бере турган адам жок болуп, туу көтөрбөй чыкканын Болдырева инстаграмга жазып чыккан. Ал ошондой эле оң кол менен күрөшүүгө келгенде аны четтетип койгонун жана Кыргызстандын курамасынын өкүлү Жеенбек Мукамбетов жардам көрсөтпөгөнүн жазган.

Маалымат жыйыны учурунда Кол күрөш боюнча Азия федерациясынын президенти Жеенбек Мукамбетовдун айтымында, ал дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасынын өкүлү катары катышпаганын айтат.

“Мени тууну бербей койгону дегени күлкү келтирерлик нерсе. Кол күрөш боюнча дүйнө федарциясында экинчи адам болуп туруп кимдин бирөөнүн туусун көтөрүшүм керекпи. Анда мени дароо өзүнүн командасынын кызыкчылыгы үчүн тартып жатат деп күнөөлөп баштайт. Ошондой эле Азия федерациясынын президенти катары мен ал мелдеште катыштым. Мындан сырткары, спортчуларды сыйлоо аземине катышам жана Кристинаны сыйлоого да катышууга милдеттүү болгом”, - дейт ал.

Мукамбетов дүйнө чемпионатында күчтүү спортчу катары каралып жаткан россиялык Ирина Гладкаяны Кристина Болдырева финалда утуп алганын айтат.

“Утуп алганда Россия тарап каршылыгын көрсөтүп жатат. Эмнеге? Көрсө, Кристинанын паспорту Россияныкы экен. Ал спортчулардын салмагын ченөөдө өзүнүн паспортун ошол жерде унутуп коюптур. Уюштуруучулар паспорт Россияныкы болгондуктан ал командага алып барып берип жатпайбы. Алар биздин командада мындай кыз жок деп айтканы менен бул учурду эстеп калыптыр. Анан Россиялык Ирина Гладкаянын акыркы чемпионаты болуп жатса, ал дүйнөнүн 14 жолку чемпиону болуп, биздин спортчубуз аны утуп алганда Россия тарап ушул паспорт маселесин көтөрүп жатпайбы. Эмнеге россиялык паспорт менен Кыргызстандын атынан чыгып жатат деп. Директорат чогулуп, Кыргызстандын курамасын мелдештен четтетүү маселесин көтөрүп чыгышты. Кристина сол кол менен күрөшүп утуп албадыбы, анын дагы медалын алып салуу каралды. Мен каршы туруп, жок дегенде оң кол менен күрөшүүгө чыкпаса дагы сол колдогу медалды калтыргыла деп айтып чыгып, акырында макул болушту”, - деп белгиледи ал.

Азия федерациясынын президенти кошумчалагандай, дүйнөдө бир катар өлкөлөрдүн спортчулары башка мамлекеттин атынан чыгып келет. Бул кадимки эле көрүнүш.

“Бизде дагы өзүнүн жарандыгын жоготпой Кыргызстандын атынан чыгып жаткандар бар. Эгер эки мамлекеттин кызыкчылыктары дал келсе болот. Ал эми бул жерде кабыл алуучу тарап Россия маселени өзү көтөрүп жатпайбы. Антпесе бул маселе көтөрүлбөйт болчу”, - деди Мукамбетов.

Кол күрөш боюнча кыргыз улуттук федерациясынын президенти Каныбек Эсенгелдиев кызматка келгенине эки ай болгонун, мелдешке бара албай калганын айтып, окуя тууралуу толук маалымат бере албай турганын маалымдады.

Румынияда Кыргызстандын курама командасынын капитаны Елена Тараторина каражатка байланыштуу мелдештин акырына чейин боло албаганын жана окуя тууралуу соцтармактан укканын билдирди.

undefined

“Жеенбек Мукамбетов дүйнө чемпионатында Кыргызстандын өкүлү эмес, Азия федерациясынын президенти катары катышкан. Ал биздин курамабызга эч кандай тиешеси жок. Ага карабай биздин курамабызды четтетүүгө каршы туруп, Кристинанын бир медалын сактап калды”, - дейт Тараторина.

Пикир

Оставить комментарий