• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«РусГидро» Жогорку-Нарын ГЭС каскадын курууга инвестор табууга жардам берет

Экономика 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Россиянын "РусГидро" компаниясы Кыргызстандагы Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу долбооруна кайтууну пландаган жок. Бирок, инвесторлорду тартууда көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу "РусГидронун" башчысы Николай Шульгинов журналисттерге билдирген, деп жазат "Прайм" агенттиги.

Анын айтымында, бул долбоорду улантууга планыбыз жок. "Биз алар менен бул долбоорго сырттан инвестиция тартууга жардам беребиз деп сүйлөшкөнбүз. Биз аларга эсептердин баарын бергенбиз. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) көрүп, проектке кайра кайтуу мүмкүнчүлүгүн көргөн жокпуз, анткени өзүн-өзү актабайт", – деди Шульгинов.

Эске салсак, 26-февраль күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "РусГидронун" башчысы Николай Шульгинов менен жолугушкан. Тараптар гидроэнергетика тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Маалым болгондой, 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, каскадды "РусГидро" курмай болгон. Бирок иштин аткарылышы оздугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган.

Орус тарап курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып, болбосо эл аралык сотко кайрыларын билдирген.
Ал эми кыргыз тарап бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылууда.

Пикир

Оставить комментарий