• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Руслан Бийбосунов Урал мамлекеттик тоо-кен университетине барды

Коом 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Россиянын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов Урал мамлекеттик тоо-кен университетине (УМТУ) барып, окуу жайдын ректору Алексей Душин менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда университеттер аралык байланыштар, ошондой эле УМТУнун Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайынын алдыңкы ишканалары менен кызмашташуусу талкууланды.

“Кыргызиндустрия” ААК, “Куранда Девелопмент” ЖЧКсы жана УМТУ ортосундагы макулдашуулардын алкагында Кыргызстандын тоо-кен казып алуу ишканалары үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда башкы консулга Урал мамлекеттик тоо-кен университетинин алдындагы Урал геологиялык музейине экскурсия уюштурулуп, ал Уралдын геологиялык үлгүлөрүнүн бай коллекциясы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий