• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Пакистандын тышкы ведомство башчылары кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 19.06.21. /Кабар/. Ушул күндөрү 2021-жылдын 18-июнунда өтүп жаткан Анталия дипломатиялык форумунун аянтчасында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Макдум Шах Махмуд Хуссейн Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу, кезектеги тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультацияларды өткөрүү жана расмий иш-сапарларды уюштуруу зарылдыгын белгилешти.

Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташууларынын деңгээлинин шайкеш келбеген потенциалдарына шилтеме жасоо менен, министр Р.Казакбаев пакистан тарапка ушул жылы өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү сунуш кылды. Мындан тышкары ал пакистан медициналык комиссиясынын «кара тизмеден» КРнын медициналык ЖОЖдорун чыгаруу маселесин пакистан тарап жакынкы аралыкта чечерине үмүтүн артты.

Пакистан Ислам Республикасынын министри М.Куреши министр Р.Казакбаевди расмий иш-сапары менен Исламабадга келип кетүүгө чакырды. Карачи менен Гвадардагы деңиз портторунан Кыргызстандын пайдаланышына көмөк көрсөтүүгө Пакистан даяр экенин белгилөө менен, М.Куреши «Транзиттик транспорт боюнча ПИР-КЭР-КР-РК төрт тараптуу макулдашууну» активдештирүү зарылдыгын билдирди.

Ушул жылдагы эл аралык коалиция аскеринин Афганстандан толук чыгышына байланыштуу, тараптар негизги көңүлдү терроризмге, баңги сатууга каршы биргелешкен аракеттер жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө маселелерине бурушту.

Министр Р.Казакбаев пакистан тарапка 2023-2025-жылдар мезгилине адам укуктары боюнча БУУнун Кеңешине, ошондой эле 2027-2028-жылдар мезгилине БУУнун ККнын туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий