• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакбаев БАЭ премьеринин орун басары, президенттин иштери боюнча министри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Абу-Даби шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) премьер-министринин орун басары, БАЭнин президентинин иштери боюнча министри Шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайян менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар КР жана БАЭнин эки тараптуу мамилелеринин күн тартибинде турган кызматташуунун актуалдуу маселелерин, соода-инвестициялык жана өз ара кызыгууну жараткан башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы перспективаларын талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара алмашууларды – Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Араб Эмираттарына, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар Кыргыз-эмират инвестициялык фондун түзүү мүмкүнчүлүгү боюнча пикир алмашты. Тактап айтканда, Кыргызстанда айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар КР менен БАЭнин ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле дүйнөдөгү эл аралык кырдаалдын, анын ичинде Украинадагы окуялардын учурдагы абалын талкуулашты.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү маселелерин чечүү үчүн тыгыз жумушчу байланыштарды сактоо тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий