• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Руслан Казакбаев Бахрейн падышалыгынын тышкы иштер министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бахрейн падышалыгынын тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу 22-23-мартта Исламабад шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-сессиясынын ишине катышуунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу эки тараптуу саясий диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, элчилерди айкалыштыруу жолу менен аккредитациялоого байланышкан маселелерди талкуулап, мамлекеттер ортосундагы мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүү үмүтүн билдиришти.

Бахрейн тараптын бай тажрыйбасын эске алып, Кыргызстанда толук кандуу ислам банкын түзүү максатында ислам принциптери боюнча каржылоону колдонуу жана пайдалануу максатында эки мамлекеттин борбордук банктарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө сунушталды.

Эки тараптуу укуктук-келишим базаны кеңейтүү максатында министр Казакбаев Бахрейн тараптын кароосуна туризм, билим берүү, медицина, айыл чарба, соода жана инвестиция, ошондой эле дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерине визасыз режимин киргизүү боюнча документтердин долбоорлорун тапшырды.

Тараптар БУУ, ИКУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында колдоо көрсөтүүдө тыгыз кызматташууну улантуу аркылуу өнөктөштүктү бекемдөөгө жана эки тараптуу байланыштарды диверсификациялоого болгон өз ара каалоолорун ырасташты.

Министр Аль-Заяни региондордун ортосундагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзгөн “Булуңдагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши - Борбордук Азия” сүйлөшүү аянтчасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле бул демилгенин алкагында биринчи иш-чаралар жакынкы убакта уюштурууларына ишендирди.

Мындан тышкары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин жана Украинадагы учурдагы кырдаалды талкуулап, жаңжалды саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун аягында Казакбаев бахрейндик кесиптешин Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Министр Аль-Заяни чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга ыңгайлуу убакта сапар менен келүүгө даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий