• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Руслан Казакбаев беларусь кесиптеши менен эки тараптуу мамилелерди талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кечээ, 13-октябрда Минск шаарында КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макей менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сз кызматы билдирет.

Министр Р.Казакбаев беларус кесиптешине Кыргызстандагы учурдагы ички саясий абал жана 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган парламенттик шайлоо тууралуу кыскача маалымат берди. Ушуга байланыштуу ал беларус тарапты байкоочу катары катышууга чакырды.

Тараптар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду активдештирүүнү жана 2021-жылдын июнунда ТИМдер аралык саясий консультациялардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну кеңири талкуулашты.

Биргелешкен аймактык бирикмелердин – КМШнын, ЕАЭБдин, ЖККУнун алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын улантуу зарылдыгы белгиленди.

Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын маселелерин талкуулоо жагынан министрлер биргелешкен кмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 10-жыйынын Кыргызстанда өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешип, эки тараптуу бизнес форумду, регионалдык форумдарды уюштуруу, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты күчөтүүнүн максатка ылайыктуулугу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана түрдүү тармактарда биргелешкен ишканаларды ачуу жөнүндө макулдашышты.

Тараптар эл аралык платформалардагы өз ара аракеттенүү жана өз ара колдоо маселелерине да көңүл бурушуп, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий