• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Руслан Казакбаев Берлин шаарында эл аралык конференциянын ачылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 29-мартында Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын вице-канцлери, экономика жана климатты коргоо боюнча федералдык министри Роберт Хабек менен Германиянын федералдык тышкы иштер министри Анналена Бурбоктун чакыруусу менен "Энергетикалык өтүү жөнүндө Берлин диалогу" ("Berlin Energy Transition Dialogue") эл аралык конференциясынын ачылышына катышты.

ТИМдин маалыматына ылайык, ачылыш аземинде БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттериш сөз сүйлөдү.

"Энергетикалык өтүү жөнүндө Берлин диалогу" – "жашыл" технологияларга энергетикалык өтүү жана кайра жаралуучу булактар, климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча глобалдык жана жергиликтүү көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн Германиянын Федералдык Өкмөтү тарабынан уюштурулган ири эл аралык конференция.

Жыл сайын өтүүчү конференциянын ишине 50дөн ашык өлкөдөн 500дөн ашуун өкүл, анын ичинде тышкы саясий, энергетика жана жаратылышты коргоо ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле профилдик адистер жана окумуштуулар катышууда.

Министр Руслан Казакбаевдин "Өнөр жай жана жашоо цикли" сессиясында панелист катары сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий