• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Руслан Казакбаев БУУнун КРдагы тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 30.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

О.Ожиело Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жаңы курамынын бекитилишин кубаттап, Руслан Казакбаевди Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин кызматына дайындалышы менен куттуктады.

БУУ Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин өлкөнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдоорун белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жалпы дебаттарында жарыяланган “БУУ – Борбордук Азия” Форумун өткөрүү, “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” кабыл алуу, алыскы “1000 тоолуу айылдарды” өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө биргелешкен өз ара аракеттенүү боюнча демилгелерин практикалык жактан жүзөгө ашырууну талкуулашты.
О.Ожиело бул демилгелер маанилүү экенин баса белгилеп, аларды ишке ашыруу боюнча кыргыз тарабынын аракеттерине колдоо көрсөтүүгө БУУ кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда БУУнун мекемелеринин учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилди. 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин БУУнун Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосунун жалпы көлөмү 195 млн АКШ долларды түзгөнүн белгиленди. Бул жардам билим берүү, мыйзамдын үстөмдүгү, мамлекеттик институттардын дареметин бекемдөө, тынчтыкты орнотуу чөйрөлөрүндө көрсөтүлгөн.

Чек арадагы кагылышта жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына 2,5 млн АКШ доллар өлчөмүндө жардам берилген.

БУУнун тутумунун келечек пландары боюнча кыскача маалымат берген соң, О.Ожиело Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосу менен тыгыз иштешүүгө үмүттөнөрүн билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун мекемелеринин ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий