• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Руслан Казакбаев дипмиссиясынын аяктаганына байланыштуу Индиянын элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Индиянын КРдагы элчиси Алок Димрини дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана долбоорлорду, анын ичинде Коомдук ѳнүктүрүүгѳ багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индиянын гранттык жардамы боюнча КР министрлер кабинети менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жѳнүндѳ меморандумду жана 200 млн АКШ доллары өлчөмүндө Индия өкмөтү тарабынан берилүүчү кредиттик линиянын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Министр Р. Казакбаев учурда Кыргызстан менен Индиянын ортосунда достук жана ишенимдүү мамилелер түзүлүп, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтык түзүлгѳнүн белгилеп кетти. Кыргыз тарап Индия менен IT-технологиялар, фармацевтика, гидроэнергетика, туризм, тоо-кен өндүрүшү, текстиль өнөр жайы, айыл чарба органикалык продукциясын өндүрүү жана билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга кызыкдар жана даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле тараптар көп тараптуу форматтарда, атап айтканда, үстүбүздөгү жылдын башында мамлекет башчыларынын деңгээлине чыгарылган Индия-Борбордук Азия диалогунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн жана жакынкы аралыкта Бишкек шаарында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн жана маанисин баса белгилешти. Айрыкча кыргыз тараптын сунушу менен Нью-Делиде Индия-Борбордук Азия диалогунун катчылыгын түзүү чечими кабыл алынганы баса белгиленди.

Алдыда келе жаткан эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу, ошондой эле маданий кызматташтык адамдардын байланышын чыңдоодо, руханий жакындашууда жана өз ара маданий байытууда маанилүү роль ойноорун эске алуу менен Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы достук жана маданият жылын маданий иш-чараларды, бий жана көркөм топторду чакыруу менен Кыргыз Республикасында жана Индияда маданият күндөрүн, ошондой эле бизнес-форумдарды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Жолугушуунун соңунда Руслан Казакбаев Алок Димриге Индиянын Кыргызстандагы элчиси кызматындагы жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий