• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Руслан Казакбаев ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелерин жана Кыргызстандын 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин органдарында пландаштырылган төрагалыгын талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев комиссиянын төрагасы М.Мясниковичке Кыргызстан менен Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жеке катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу жана Евразия экономикалык интеграциясынын бардык маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий