• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Руслан Казакбаев Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттиктин башкы директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-октябрында Вена Эл аралык борборунда КР тышкы Иштер Министри Руслан Казакбаевдин Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Мариано Гросси менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, КР тышкы саясат ведомствосунун башчысы МАГАТЭге мүчө мамлекеттерге карата ядролук илимдерге, технологияларга жана ядролук эмес технологияларды тынчтык максатта колдонууда көмөк көрсөткөндөгү ролун жогору баалады.

Р.Казакбаев учурда Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан рекультивациялык иштер боюнча жана өлкөнүн башка уран калдыктарынын объекттерин рекультивациялоо келишимдери боюнча МАГАТЭнин башчысына кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Р.Казакбаев брахитерапия, нур терапия жана ядролук медицинанын техникалык кызматташтыгынын долбоорлорун ишке ашырууну тездетүүнү өтүндү жана Кыргыз Республикасынын ЗОДИАК демилгесине кызыкдарлыгын белгиледи. ЗОДИАК - зооноздук ооруларды аныктоого жана көзөмөлдөөгө, өлкөлөрдөгү жаңы жана жаңыдан пайда болгон патогендерге каршы күрөшүүгө болгон даярдыгын жогорулатууга багытталган.

Өз кезегинде МАГАТЭнин башкы директору Р.Гросси МАГАТЭ менен КРнын ортосундагы өз ара кызматташтыгынын активдүүлүгүн белгилеп, мындан кийин дагы Кыргызстандагы пландалган жана ишке ашырылып жаткан долбоорлоруна колдоо көрсөтүүсү тууралуу билдирди.

Маалымат үчүн: Кыргызстан 2003-жылы МАГАТЭнин Башкы конференциясынын 47-сессиясында 137-мүчөсү болду.

Пикир

Оставить комментарий