• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Руслан Казакбаев ЕБнын Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү, элчи Петер Буриан менен, анын кызматынын мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын оң өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти. Эки тараптуу жана регионалдык темалар, анын ичинде алдыдагы иш-чаралар, долбоордук жана программалык кызматташуу, туруктуу экономикага өтүү, экология, инвестицияларды тартуу, аймактык коопсуздук, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды.

Тараптар Биринчи Европа Биримдиги - Борбордук Азия экономикалык форумун Борбордук Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын жаңы экономикалык платформасы катары даярдап, 2021-жылы күзүндө Бишкекте өткөрүүнү макулдашты.

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кеңейтилген өнөктөштүгү жана кызматташтыгы жөнүндө Макулдашуу маселеси талкууланды, ага тараптар Кыргызстандын президенти С.Жапаровдун Брюсселге боло турган иш сапарынын учурунда кол коюуну пландаштырышты.

Элчи П.Буриан Борбордук Азиядагы коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан эки тараптуу жана аймактык маселелерди чечүүдө дипломатиялык мамилеге умтулгандыгы үчүн жана өлкөнүн Афганистандагы тынчтык жараянына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр Р.Казакбаев элчи Бурианга жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, дипломатиялык жаатта жаңы ийгиликтерди каалады. Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн элчи П.Буриан КР Тышкы иштер министрлигинин "Эл аралык кызматташууну бекемдөө үчүн " медалы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий