• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Руслан Казакбаев Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Казакстан тараптын демилгеси боюнча 2021-жылдын 12-августунда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстан дын кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки тарап саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара чөйрөсүндөгү кыргыз-казак мамилесинин учурдагы жана актуалдуу маселелеринин кеңири талкуулашты. Мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Министр Р.Казакбаев казак тарабына азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле коронавирустук пандемиянын жайылышына каршы күрөшүү үчүн көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Бул багытта, Казакстандын элчиси Р.Жошыбаев казак тарап быйылкы жылы 1000 тонна күздүк буудайдын түшүмдүү үрөнүн гранттык жардам катары берүү маселесин карап жатканын маалымдады.

Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча тараптар Ишкер кеңешти активдештирүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарында биргелешкен соода-логистикалык борборлорду түзүүнү тездетүү, ошондой эле товарлардын транзити боюнча пикир алмашышты.

Кыргыз тарап эки өлкөнүн аймагы аркылуу Кыргызстандын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө жана транспорт каражаттарынын жана жарандардын эркин жүрүүсү жана транзити үчүн чектөө чараларын мүмкүн болушунча эртерээк алып салуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Маектештер ошондой эле биргелешкен билим берүү жана илимий-техникалык программаларды ишке ашырууга көңүл бурушту, тактап айтканда практикалык тапшырмаларды аткарууга басым жасашып, бул багыттардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө болгон берилгендигин ырасташты.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттерин билдиришти, келерки жылы кыргыз-казак мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын биргеликте белгилөө маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызыкчылык туудурган бардык тармактарда тыгыз кызматташтыктын мындан ары бекемделишине ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий