• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Руслан Казакбаев Кытай элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана КР тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Кытайга болгон расмий сапарынын (үстүбүздөгү жылдын 11-майы, Сиань шаары) жыйынтыгынын негизинде жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

КР тышкы саясат ведомствосунун башчысы өлкөнүн президенти Садыр Жапаровдун атынан кытай тарабына Кытай өкмөтү тарабынан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кант, 20 миң тонна өсүмдүк майы түрүндө азык-түлүк жардамын көрсөтүү жана Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 350 миллион юань (болжол менен 54 млн АКШ доллары) өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтүү, ошондой эле 150 миң доза Кытай вакцинасынын экинчи партиясын берүү чечими үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз тарабы Кытайдын жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыргандыгы үчүн кошумча төлөм чегербөө жөнүндө чечимин жогору баалайт.

Мындан тышкары, Р.Казакбаев кытай тарабына эки өлкө ортосундагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар үчүн ыраазычылыгын билдирди. «Торугарт» өткөрүү жайына кран жабдыктары орнотулгандыктан, үстүбүздөгү жылдын 15-майынан тартып жүк ташуу агымын күнүнө 50-60 жүк ташуучу транспорт каражаттарына чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн эки тараптуу мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн бардык деңгээлдеги активдүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдиришти.

Ушуга байланыштуу, тараптардын жакынкы перспективага каралган милдети болуп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен үстүбүздөгү жылдын февраль айында телефон аркылуу сүйлөшүү учурундагы чакыруусу боюнча Кытайга жогорку деңгээлдеги иш сапарын уюштуруусу эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий