• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Руслан Казакбаев Панфилов мектеп-интернатынын балдарына белектерди тапшырды

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Кечээ, 22-декабрда КР Тышкы иштер министрлигинде К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын шефке алынган тарбиялануучуларына жакындан жардам көрсөтүүгө багытталган кезектеги кайрымдуулук акциясы болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мектеп-интернаттын окуучуларын жана анын окутуучу курамын келе жаткан Жаӊы 2022-жыл менен куттуктап, аларга чыӊ ден соолук жана жаркын маанай каалады.

Мамлекеттин бирден бир башкы милдети кыргызстандыктардын келечек муунун колдоо жана өстүрүп, өнүктүрүү экенин белгилөө менен, ТИМдин башчысы жаӊы жылдык белектерди, аны менен кошо 4 ноутбук, 1 принтерди жана жаӊы жылдык таттууларды балдарга тапшырды. Бул кайрымдуулук акциясы Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси жана ошондой эле «Prodigy» компаниясынын президенти жана негиздөөчүсү Давут Байрамдын каржылоосу менен ишке ашырылды.

Өз кезегинде мектеп-интернаттын өкүлдөрү көрсөткөн жардамдары үчүн КР ТИМге ыраазычылыктарын билдиришти.

Азыркы убакта К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатында 221 бала окуп жатат.

КР ТИМ 2012-жылдан тартып бул мекемени шефтикке алган жана ушул жылдар ичинде анын тарбиялануучуларына колдоо көрсөтүп келет. Кайрымдуулук акциясы министрлик тарабынан үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп турат жана да келечекте улантыла бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий