• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Руслан Казакбаев Ватиканда Рим Папасы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италия Республикасына биринчи расмий сапарынын алкагында Ватикан мамлекетине барып, Рим Папасы Францисктин кыска убакыттагы аудиенциясында болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аудиенциянын жүрүшүндө Рим Папасы Франциск өлкөнүн жетекчилигине жана Кыргызстандын элине эң жакшы каалоолорун айтты.

Министр Руслан Казакбаев ошондой эле Ватикандын мамлекеттик катчысы Пьеро Паролини (Өкмөт башчысы) менен жолугушту. Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Министр Руслан Казакбаев Ватикандын мамлекеттик катчысына Кыргызстандагы демократиялык институттарды чыңдоо боюнча ички саясий реформалар жана 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Ватикандын Мамлекеттик катчысы Пьеро Паролини Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө, анын ичинде архивдик изилдөө чөйрөсүндө маалымат алмашууга даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо контекстинде эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашышты. Диндер аралык толеранттуулук маселелери өзүнчө талкууланып, анын ичинде билим берүү тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

2022-жылы Кыргызстан менен Ватикандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу, Министр Руслан Казакбаев ватикандык тарапка ошондой эде билим берүү жана маданият тармагын камтый турган Кыргыз Республикасы менен Ватикан Мамлекетинин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну түзүү маселесин карап чыгууну сунуштады. Өз кезегинде Ватикандын Мамлекеттик катчысы эки өлкөнүн келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү, ошондой эле 2022-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча министр Руслан Казакбаевдин сунуштарын кабыл алды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кыргыз-ватикан мамилелерин өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий